02.10.2020 № 242 «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамынын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамынын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы кириш № 06/2526 Артыков Шамил Жусуповичти ишенимдүү адамы катары каттосун чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 131 чечими менен катталган «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынан Артыков Шамил Жусуповичти ишенимдүү адам катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынан ишенимдүү адамы Артыков Шамил Жусуповичке берилген №21 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

            ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 2-октябры

№ 242