06.09.2021 №238 «Ата Мекен» саясий Социалистик партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
«Ата Мекен» саясий Социалистик партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2021-жылдын 6-сентябрында «Ата Мекен» саясий Социалистик партиясы» саясий партиясынын мурда сунуш кылынган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Мамасалиева Махабат Мелисовнаны дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 170 чечими менен «Ата Мекен» саясий Социалистик партиясы» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Аблакеева Чынара Аскарбековнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Ата Мекен» саясий Социалистик партиясы» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Аблакеева Чынары Аскарбековнага берилген № 15 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. «Ата Мекен» саясий Социалистик партиясы» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Мамасалиева Махабат Мелисовна катталсын.
4. «Ата Мекен» саясий Социалистик партиясы» саясий партиясынан катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 6-сентябры
№ 238