23.05.2024 №122 А.Б. Жайнакованы №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Данир Белекович Иманалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо жөнүндө
А.Б. Жайнакованы №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Данир Белекович Иманалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо жөнүндө
№36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Данир Белекович Иманалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө 2024-жылдын 22-майындагы (кириш № 12/937) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Данир Белекович Иманалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын:
– Жайнакова Асель Бектурсуновна, финансы маселелери боюнча.
2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшеруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 23-майы
№ 122