22.03.2023 №6 Шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режимде апробациялоонун айрым маселелери жѳнүндѳ
Шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режимде апробациялоонун айрым маселелери жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, «2023-жылдын
9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы №12 токтомун жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңешинин тѳмѳндѳгү шайлоо участкалары шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режимде апробациялоо үчүн участкалар деп белгиленсин:
- №1 Самаркандек шайлоо округунун №8059 «Самаркандек»,
- №2 Орто-Сай шайлоо округунун №8058 «Орто-Сай»,
- №3 Паскы-Арык шайлоо округун №8060 «Паскы-Арык», №8186 «Миң-Өрүк»,
- №4 Жаңы-Бак шайлоо округунун №8057 «Жаңы-Бак».
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты:
- шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын колдонуу боюнча Баткен аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүн окутууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын аймагына пилоттук режимде колдонулуучу жабдууларды киргизүүгѳ жана алып чыгууга байланышкан уюштуруучулук-укуктук мүнѳздѳгү маселелерди чечсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин кѳчүрмѳсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жѳнѳтүлсүн.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳргасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 22 марты
№6