20.06.2024 №221 Т.Б. Токтогоновду №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Руслан Урустанбекович Есенгуловдун ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо жөнүндө

Т.Б. Токтогоновду №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Руслан Урустанбекович Есенгуловдун ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо жөнүндө

 

№36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Руслан Урустанбекович Есенгуловдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө 2024-жылдын 13-июнундагы (кириш № 12/1134) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Руслан Урустанбекович Есенгуловдун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын:

        –  Токтогонов Тилек Бакытович, шайлоо маселелери боюнча.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер - саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 20-июну

№ 221