20.04.2024 №90 №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыяр Алиевич Калпаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыяр Алиевич Калпаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

 

2024-жылдын 18-апрелиндеги №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыяр Алиевич Калпаевдин сунуштамасынын жана жарандардын ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө өз арыздарынын негизинде (кириш № 12/622), «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Аскаров Мирлан Абдыкалыкович жана Жаанбаев Максатбек Жусупбекович 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыяр Алиевич Калпаевдин ишенимдүү адамдары болуп катталсын.

2. Катталган талапкердин ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 20-апрели

№ 90