26.12.2018№19 Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 19-декабрдагы №19 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж. Коргонбай уулунун
Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 19-декабрдагы №19 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж. Коргонбай уулунун даттануусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж. Коргонбай уулунун ишеним кат боюнча өкүлү Э. Б. Ирискулбековдон Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж. Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - БАШК) 2018-жылдын 19-декабрдагы №19 чечимин жокко чыгаруу жөнүндөдаттануу түшкөн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу 2018-жылдын 25-декабрда өз жыйналышында Ж. Коргонбай уулунун даттануусун караган.
Арыз берүүчүнүн жүйөөлөрүн объективдүү кароо жана иликтөө, аларга баа берүү максатында жыйналышка төмөнкүлөр чакыртылды: арыз берүүчү Ж. Коргонбай уулу, Э. Б. Ирискулбеков, БАШК төрагасы К.Маматов, Борбордук шайлоо комиссиясынын БАШКдагы атайын өкүлү М.Турумбеков. Ж. Коргонбай уулу талаптагыдай тартипте билдирилгенине карабастан, Жумушчу тобунун жыйналышына келген эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясы жыйналышта арыз берүүчүнүн өкүлүн, Жумушчу тобунун чечимин угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында “Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин кош жарандуулугу тууралуу”(ИА «besperel.kg», «TUZ.kg», «gezzitter.org») макала жарыяланган. Ошого байланыштуу БАШК 2017-жылдын 13-декабрында БШКга Коргонбай уулу Жусупбектин Россиянын жарандуулугу бар болушу ыктымалдыгын аныктоого көмөк көрсөтүү жөнүндө кат менен кайрылган.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укук мамилелери жөнүндө Конвенцияга (1993-жылдын 22-январы, Минск ш.) ылайык белгиленген тартипте 2018-жылдын 8-августунда Россия Федерациясынын компетенциялуу органдарына Коргонбай уулу Жусупбектин Россия Федерациясынын жарандуулугу бар болушу ыктымалдыгы жөнүндө суроо-талап жөнөтүлгөн.
Конвенциянын 6-беренесине ылайык: “Укуктук жардамдын көлөмү. Макулдашкан тараптар суроо-талап кылган Макулдашкан тараптын мыйзамдарында каралган процесстик жана башка аракеттерди аткаруу, маселен, документтерди түзүү жана салып жөнөтүү, тинтүүлөрдү жүргүзүү, буюм далилдерин алуу,салып жөнөтүү жана берүү, экспертиза өткөрүү, тараптарды, айыпталуучуларды, күбөлөрдү, эксперттерди суракка алуу, кылмыш жасаган адамдарга жазык куугунтугун козгоо, издөө салуу жана өткөрүп берүү, жарандык иштер боюнча сот чечимдерин, жарандык доо бөлүгүнө тийиштүү өкүмдөрдү, аткаруу жазууларын таануу жана аткаруу жолу менен, ошондой эле документтерди тапшыруу жолу менен бири-бирине укуктук жардам көрсөтүшөт”.
2018-жылдын 13-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин расмий маалыматы (2018-жылдын 25-октябры, №06139614/14) тиркелген каты түштү. Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча: “Коргонбай уулу Жусупбек Беларусь Республикасы, Казахстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы ортосундагы жарандыкты алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө Макулдашуунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн “а” пунктуна ылайык Россиянын Москва шаары боюнча ФМКБнын 2007-жылдын 24-майдагы чечиминин негизинде Россия Федерациясынын жарандыгын алган. 2007-жылдын 20-июлунда Россиянын Москва шаары боюнча ОУФМСнын Северное Измайлово району боюнча бөлүмү тарабынан ВАОдо Ж. Коргонбай уулу Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгына байланыштуу РФ жаранынын 45 08 № 968138 сериясындагы паспорту менен документтелген.Россиянын ИИМинин эсебинде 2018-жылдын 15-октябрына карата Ж. Коргонбай уулунун Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандыгы тууралуу маалымат жок.
2018-жылдын 24-июлунда Ж. Коргонбай уулу Россиянын Москва шаарынын Северное Измайлово району боюнча ИИМБсинин ОВМине өзүнүн башка (Кыргыз Республикасы) жарандыгы бар экени жөнүндө билдирүү жөнөткөн”.
2018-жылдын 14-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясына Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен кат түшкөн (2018-жылдын 14-декабры №3747-пко). Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маалыматына ылайык Ж. Коргонбай уулуРоссия Федерациясынын Элчилигинде Россия Федерациясынын жарандыгын тариздеткен эмес, Россиянын жаранынын паспорту менен документтелген эмес.
БАШКнын 2018-жылдын 19-декабрындагы чечими менен “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика-Ата-Журт” депутаттык фракциясынын депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Арыз берүүчү БАШКнын 2018-жылдын 19-декабрындагы № 19-чечимин төмөнкү негиздер боюнча жокко чыгарууга жатат деп эсептейт:
1. Даттанууда минтип белгиленет: “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык арыздарды (даттанууларды) кароо учурунда, ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо мыйзамдарын бузган башка учурларда кызыкчылыктары бар тараптар, жактар же алардын өкүлдөрү аларды кароо күнү, убактысы жана орду тууралуу кабарландырылат. Көрсөтүлгөн жактар каралган маселенин маңызы боюнча түшүнүк берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу. Бирок 19-декабрда БАШК депутаттык мандат тууралуу маселе караарын билген эмес, эч ким кабарлаган эмес, жыйналышка чакырган эмес”.
Жумушчу топтун жыйналышында БАШК төрагасы К.Маматов депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени кароонун күнү, убактысы жана орду тууралуу Ж. Коргонбай уулуна жеке өзү кабарлагандыгын түшүндүрдү, бирок ал жыйналышка келген эмес. БАШК жыйналышы 2018-жылдын 19-декабрында саат 11.00до өткөн.
2. Арыз берүүчү минтип көрсөтөт: “Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин катынын жарактуулугу шек туудурат, себеби Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укук мамилелери жөнүндө Конвенциянын 13-беренесине ылайык Макулдашкан тараптардын биринин аймагында даярдалган же компетенцияларынын чегинде жана көрсөтүлгөн тариз боюнча мекеме тарабынан же аткарууга ыйгарым укук берилген жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн, гербдүү мөөр басылган документтер гана башка Макулдашкан тараптардын аймагында кандайдыр-бир атайын күбөлүксүз кабыл алынары белгиленген. Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин катына гербдүү мөөр басылган эмес жана Эл аралык укук жана кызматташуу Департаментинин директорунун орун басары тарабынан жөнөтүлгөн”.
Конвенциянын 13-беренесинин 2-абзацына ылайык “Макулдашкан тараптардын биринин аймагында расмий документтер катары каралган документтер башка Макулдашкан тараптардын аймагында расмий документтердин далилдөөчү күчүнө ээ болот”.
Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин 28.12.2017 № 287 буйругу менен бекитилген “Эл аралык укук жана кызматташуу Департаменти жөнүндө” Жобого ылайык Россия Федерациясынын Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укук мамилелери жөнүндө эл аралык келишимдерин аткаруу Департаменттин негизги милдетине кирет. Департаменттин директору апостилге кол коёт, жеке жана юридикалык жактар тарабынан чет мамлекеттердин компетенциялуу органдарына берилчү документтерди легалдаштыруу учурунда нотариустун колунун жана анын мөөрүнүн тагынын (изи) аныктыгын күбөлөндүрөт, жана өз тандоосу боюнча Департаменттин федералдык мамлекеттик жарандык кызматкерлерине кол коюу жана күбөлөндүрүү укугун берет. Россия Федерациясынын Юстиция министрлигининин кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамасына ылайык Министрдин, Министрдин орун басарларынын, бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, аймактык органдын начальнигинин, ошондой эле ишеним кат же Министрликтин (аймактык органдын)буйругу менен тиешелүү ыйгарым укуктары берилген башка кызмат адамдарынын койгон колдору гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Ошентип, Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин Департаменттин директорунун орун басарынын колу менен берилген маалыматын гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Ошону менен бирге маалымат Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин Россия Федерациясынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн бланкына жазылып берилген.
3. Арыз берүүчү “Россия Федерациясынын жарандыгы бар экени тууралуу маселе ачык бойдон калууда жана Россия Федерациясынын компетенциялуу органдарынын расмий ырастоосун талап” деп эсептейт.
Ж. Коргонбай уулунунжарандыгы тууралуу маалыматты Россия Федерациясынын компетенциялуу органдарынын расмий ырастоосу жөнүндө талаптарга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү билдирет:
“Россия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө” Россия Федерациясынын Федералдык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Россия Федерациясынын жарандыгы маселелери боюнча арыз арыз берүүчү жашаган жер боюнча берилет:
а) Россия Федерациясынын аймагында жашаган адам тарабынан, - аткаруу бийлигинин миграция чөйрөсүндө контролдоочу жана көзөмөлдөөчү иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу федералдык органынын аймактык органына;
б) Россия Федерациясынын аймагынын чегинен тышкары жашаган жана Россия Федерациясынын аймагында жашаган жери жок адам тарабынан, - Россия Федерациясынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же Россия Федерациясынын аймагынын чегинен тышкары жайгашкан консулдук мекемелерге.
Мурда белгиленгендей, Ж. Коргонбай уулу Россия Федерациясынын жарандыгын Россиянын Москва шаары боюнча ФМКБнын чечиминин негизинде алган. 2007-жылдын 20-июлунда Россиянын Москва шаары боюнча ФМКББнын Северное Измайлово району боюнча бөлүмү тарабынан ВАОдо Россия Федерациясынын жаранынын паспорту менен документтелген.
Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине, Ж. Коргонбай уулу 2007-жылдан баштап азыркы учурга чейин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине Россия Федерациясынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз менен расмий кайрылганы тууралуу маалымат берүү суроо-талабын жөнөткөн.
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2018-жылдын 21-декабрындагы №3849-г/ко (консулдук бөлүмдүн башчысы Ю.Ефимов) маалыматына ылайык “Коргонбай уулу Жусупбек Россиянын жарандыгынан чыгуумаселеси боюнча 2018-жылдын 26-ноябрында Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылып, зарыл документтерди берген. Жакын арада маселе оң жагынан чечилери кутүлүүдө”. Ошентип, Элчиликтин катында көрсөтүлгөндөй, маселени кабыл алуу жана кароо Ж.Коргонбай уулу Россиянын жарандыгынан чыгуу үчүн зарыл болгон документтердин бүт пакетин бергенин билдирет.
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин расмий сайтындагы маалыматка, ошондой эле “Россия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө” Россия Федерациясынын Федералдык Мыйзамына, Россия Федерациясынын Президенти бекиткен “Россия Федерациясынын жарандыгынын маселелерин кароо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык жарандыктан чыгууну тариздөө үчүн Кыргызстандын аймагында жашаган адам Элчиликтин консулдук бөлүмүнө жеке арыз менен катар, ичинде арыз берүүчүнүн өздүгүн, Россиянын жарандыгын күбөлөндүргөн документ бар бир катар документтерди; Россия Федерациясында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен алуу тууралуу, Россия Федерациясынын арыз берүүчү катталган жер боюнча берилчү салык төлөө боюнча карызынын жоктугу тууралуу ж.б. документтерди берет.
Ж.Коргонбай уулунун жалпыга маалымдоо каражаттарында “(РФ) паспортун эч качан көргөн эмесмин”, “паспортту бирөөлөр жасап коюшу мүмкүн” (ИА «akipress.org») деп билдиргенине байланыштуу, ошондой эле эгер бар болсо, ал маалыматтарды, Жусупбек Коргонбай уулунун Россия Федерациясынын жарандыгы бар экенин же анын Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын чек араларынан өткөн учурда Россия жаранынын паспортун пайдаланганы тууралуу, же болбосо, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын чек араларынан өткөн учурда чек ара контролунда көрсөтүлүүчү паспорттун маалыматтарын (анкетанын/миграциялык картанын көчүрмөсү) берүү тууралуу суроо-талап (“КПҮ” суроо-талабы) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (мындан ары – КР УКМК) жөнөтүлгөн.
КР УКМКнын 25-декабрдагы маалыматы боюнча “Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун” маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мамлекеттик чек арадан өтүү учурунда Россия Федерациясынын жаранынын паспортун төрт жолу пайдаланган.
4. Арыз берүүчү “БАШК жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна тиешелүү маселени караган учурда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамдарынын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү болчу” дейт. Андан тышкары, минтип белгилейт: “колдонуудагы мыйзамдар боюнча башка мамлекеттин жарандыгы бар жарандарга жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлануу укугуна тыюу салуу белгиленген эмес”.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештер - ушул Мыйзам, шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине ылайык “жарандар ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “адамдын депутаттык мандатты белгиленген тартипти бузуу менен алгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылганда же шайлоонун натыйжалары жокко чыгарылганда) депутаттык мандатты колдонуу токтотулушу мүмкүн”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “Талапкерди каттоо тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан талапкер өзүндө пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырып койгондугунун фактысы далилденгенде, анын ичинде талапкерде ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте соттолгондугу алып салынбагандыгынын же жоюлбагандыгынын. талапкерге карата соттун айып коюлуучу өкүмү күчүнө киргендигинин, талапкер Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же ажырагандыгы жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген башка негиздери болгон учурларда,ошондой эле талапкер каза болгон учурда жокко чыгарылат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 8-бөлүгүнүн 5-пунктунда “талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугуталапкерлердин тизмесин каттоодо баш тартуунун негизи боло алат”деп белгиленген.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык “жарандыктан чыгышы, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготушу же болбосо башка жарандыкты алышыдепутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу үчүн негиз болуп эсептелет”.
Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамдар менен башка мамлекеттин жарандыгы бар жарандарга жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлануу укугуна так тыюу салынганын белгилейт.
Мыйзамдардын жогоруда белгиленген ченемдеринин негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы БАШКнын депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу тууралуу чечимин укук ченемдүү жана негиздүү деп эсептейт.
Баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 21, 24-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 44, 52, 53-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ишеним кат боюнча өкүлү Э. Б. Ирискулбековдун Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 19-декабрдагы №19 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси А.Т.Асаналиевге тапшырылсын.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 26-декабры
№ 19
Бишкек ш., 2018-жылдын 26-декабры
№ 19