03.09.2021 №186 «Жаңы-Мезгил» мигранттардын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борбору Саясий партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

«Жаңы-Мезгил» мигранттардын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борбору Саясий партиясы» саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн негизинде жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, 60-беренесинин 4-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Жаңы-Мезгил» мигранттардын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борбору Саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Манапова Гульнара Оморкуловна катталсын.

2. «Жаңы-Мезгил» мигранттардын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борбору Саясий партиясы» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Казакбай кызы Асель катталсын.

3. «Жаңы-Мезгил» мигранттардын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борбору Саясий партиясы» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 3-сентябры

186