18.04.2024 №86 №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дамирбек Тайырбекович Давляновдун каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дамирбек Тайырбекович Давляновдун каттоосун
жокко чыгаруу жөнүндө
№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дамирбек Тайырбекович Давляновдун шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2024-жылдын 18-апрелиндеги (кириш №12/623) түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дамирбек Тайырбекович Давляновдун 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде талапкердин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-мартындагы №25 чечими менен Д.Т. Давляновдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, шайлоо маселелери боюнча – Б.Т. Абдуллаевдин, финансы маселелери боюнча – Т.А. Кенесариеванын каттоосу жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө берилген каттоо ырастамалары анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 18-апрели
№ 86