17.09.2024 №283 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8, 10-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 256 Жарлыгынын негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-сентябры

№ 283