17.04.2023 №23 №26 Ленин бир мандатуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Кунакунов Максат Касымжановичти каттоо жөнүндө
№26 Ленин бир мандатуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Кунакунов Максат Касымжановичти каттоо жөнүндө
2023-жылдын 12-апрелинде Кунакунов Максат Касымжанович тарабынан аны 2023-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо өзүн өзү көрсөтүү тартибинде №26 Ленин бир мандатту шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо үчүн документтери Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуунун жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун 2023-жылдын 17-апрелиндеги №2-корутундусунун негизинде,
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60,
61-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кунакунов Максат Касымжанович №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.
2. №26 Ленин бир мандатту шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичке белгиленген үлгүдөгү ырастамасы берилсин.
3. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 17-апрели
№23