01.09.2021 №162 ««Кыргызстан» cаясий партиясынан  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Бекболотов Адылкан Керимкуловичти чыгаруу жөнүндө

 

«Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Бекболотов Адылкан Керимкулович каза болгонуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелеринин, 2020-жылдын 23-декабрындагы № 1605 өлгөндүгү тууралуу  күбөлүктүн негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Бекболотов Адылкан Керимкулович «Кыргызстан» саясий партиясынан  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылсын.

  2.   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө» № 64 чечиминин талапкер Бекболотов Адылкан Керимкулович каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-сентябры
№ 162