16.11.2024 № 300 Талас шаардык кеңешинин депутаттыгына “Бирге – Вместе” саясий партиясынан талапкер Т.К. Жумабековдун арызы жөнүндө

Талас шаардык кеңешинин депутаттыгына “Бирге – Вместе” саясий партиясынан талапкер Т.К. Жумабековдун арызы жөнүндө
 

2024-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) Талас шаардык кеңешине “Бирге-Вместе” саясий партиясынан талапкер Жумабеков Тимур Кемелбековичтен Талас шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-ноябрындагы №23 чечими жокко чыгаруу жөнүндө арызы келип түшкөн.

2024-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын КР ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Т. Жумабеков 2016-жылга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо болгондугу тууралуу маалымат Талас шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын жөнөтүлгөн.

2024-жылдын 14-ноябрында Талас шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен, КР ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын жогорудагы маалыматынын негизинде жана соттуулугун жоюу тууралуу фактысын жашыргандыгына байланыштуу талапкер Т.К. Жумабековдун  каттоосу жокко чыгарылган.

Жумабеков Т.К. өз арызында Талас шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренесине ылайык күнөөлүү деп табылып, бир жылдык мөөнөткө эркиндигин чектөө жазасына тартылгандыгын көрсөткөн.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдын редакциясында) 76-беренесинин 6-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, соттуулугу жоюлган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 53-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, “талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган өзүн талапкерлеринин тизмесине киргизүүгө макулдугу жөнүндө арызын жана өзү жөнүндө маалыматтар бар атайын форманы (биографиялык жана башка маалыматтарды)”.

2016-жылдын 12-февралындагы №3 БШКнын чечимине ылайык   Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү документтердин тизмеси жана формалары бекитилген.

Ушуга байланыштуу, каттоо үчүн талапкерлерден соттуулугу бар/жок экендиги тууралуу маалымат берилет.

БШКнын отурумунда  Т.К. Жумабеков соттулугунун жоктугу тууралуу маалымкатты бергенин Талас шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы - С.Р. Ташыбеков билдирди.

Ошол эле учурда талапкердин уюшкан кылмыштуу топко мүчөлүгү боюнча соттуулугу жок.

2024-жылдын 16-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму болуп, анда Т.К. Жумабеков, Талас АШКнын төрагасы С.Р. Ташыбеков, Талас шаарынын прокурорунун орун басары А.У. Шайдиев жана УКМКнын кызматкери У. Сыдыков катышышып жана билдирүүлөрү угулду.

Борбордук шайлоо комиссиясы материалдарды иликтеп жана Т.К. Жумабаевдин арызын карап чыгып, ошондой эле тараптарды угуп, төмөндөгү жыйынтыкка келет.

Мыйзамдын 53-беренесинин 8-1-пунктуна ылайык, “талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо:

2) талапкерде же талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын тизмесинде катталгандыгынын фактысынын бар экендиги;

4) саясий партиянын, өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;

5) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгынын же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу”.

Ушуга байланыштуу БШК, талапкер Т.К. Жумабеков мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн талаптарына ылайык тиешелүү документтерди тапшырган жана Талас шаардык кеңешинин депутаттыгына "Бирге -Вместе" саясий партиясынан талапкер Т.К. Жумабековду каттоону жокко чыгаруу тууралуу Талас АШКсынын чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт.

Мындан тышкары, Талас АШКсынын чечиминде «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесинин ченемдери туура эмес келтирилген, анткени талдапкердин ишмердиги “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жол-жоболоштурулат.

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык: “Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдары бузулган учурда шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууга укуктуу”.

Жогоруда баяндалгандардын  негизинде,  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарды шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосунун   тартиби жөнүндө” жобону  жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:

 

1.      Жумабеков Тимур Кемелбековичтин 2024-жылдын 16-ноябрындагы арызы - канааттандырылсын.

2.      Талас АШКнын 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 23 чечими жокко чыгарылсын.

3.      Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.      Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 16-ноябры

№ 300