15.02.2022 №168 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Жарандардын ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө өз арыздарынын жана 2022-жылдын 15-февралындагы (кириш № 01-14/286, 287), №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо ишенимдүү адамдары болуп тиркемеге ылайык катталсын.
2. Катталган ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрү берилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 15-февралы
№ 168