14.03.2024 №13 «Ата-Журт Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Калпаев Бактыяр Алиевичти чыгаруу жөнүндө
«Ата-Журт Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Калпаев Бактыяр Алиевичти чыгаруу жөнүндө
«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Калпаев Бактыяр Алиевичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде,
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Калпаев Бактыяр Алиевич «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 24-октябрындагы «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө» №859 чечиминде талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 14-марты
№13