14.02.2022 №161 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аида Женишбековна Салянованын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
2022-жылдын 11-февралында №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аида Женишбековна Салянованын мурда сунуш кылган финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Э.А. Аскарбекованы дайындоо жөнүндө билдирди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 20-январындагв №38 чечими менен №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ж. Салянованын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Турдалиева Чынар Алымкуловнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, талапкер А.Ж. Салянованын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ч.А. Турдалиевага берилген №42 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. №29 Свердлов округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ж. Салянованын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Аскарбекова Элизат Аскарбековна катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 14-февралы
№ 161