14.02.2022 №160 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдурахманхаджи Шамильевич Муртазалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
2022-жылдын 11-февралында №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдурахманхаджи Шамильевич Муртазалиевдин мурда сунуш кылган шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.Т. Кылчыкпаеваны дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 17-январындагв №18 чечими менен №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ш. Муртазалиевдин шайло маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Толонова Айдай Толоновнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, талапкер А.Ш. Муртазалиевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.Т. Толоновага берилген №23 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. №29 Свердлов округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ш. Муртазалиевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кылчыкпаева Алия Туратбековна катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 14-февралы
№ 160