27.11.2021 №1375 №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Обдунов Элмурат Абдуваповичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Обдунов Элмурат Абдуваповичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2021-жылдын 26-ноябрында №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Обдунов Элмурат Абдуваповичтин мурда сунуш кылган, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө билдирди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-октябрындагы №297 чечими менен №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Обдунов Элмурат Абдуваповичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Белеков Жеңишбек Качыбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Обдунов Элмурат Абдуваповичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Белеков Жеңишбек Качыбековичке берилген №86 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын..

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 27-ноябры

№ 1375