02.02.2022 №135 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тургунбаев Улукбек Абдивалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тургунбаев Улукбек Абдивалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
2022-жылы 31-январда №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич мурда катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Мусаеваны чакыртып алуу жөнүндө билдирди (кир. №01-14/136).
Ошону менен бирге, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич Э.М. Джелденбаеваны шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл, А.Т. Мусаеваны каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоо жөнүндө документтерди берди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 8-январындагы №6 чечими менен №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тургунбаев Улукбек Абдивалиевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Мусаева Айнура Ташболотовнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тургунбаев Улукбек Абдивалиевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Мусаева Айнура Ташболотовнага берилген №17 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. №29 Свердлов округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тургунбаев Улукбек Абдивалиевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Джелденбаева Эркеган Мусаевна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Мусаева Айнура Ташболотовна катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 2-февралы
№ 135