24.11.2021 № 1306 №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Досанов Нурбек Маликовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2021-жылдын 23-ноябрында №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Досанов Нурбек Маликовичт мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Пакирова Дильфузаны дайындоо жөнүндө билдирди «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-октябрындагы № 674 чечими менен №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Досанов Нурбек Маликовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Маккамбаев Русланбек Асланбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Досанов Нурбек Маликовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Маккамбаев Русланбек Асланбековичке берилген №497 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Досанов Нурбек Маликовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Пакирова Дильфуза катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 24-ноябры
№ 1306