09.09.2020 № 129 «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүүгүү» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүүгүү» саясий партиясынын
ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2020-жылдын 8-сентябрында «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүүгүү»саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эркебаев Нурбек Турдалиевичти дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-августундагы № 70 чечими менен катталган «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүүгүү»саясий партиясынан Мурзакулов Бекболот Муктарбековичти шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүүгүү»саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Мурзакулов Бекболот Муктарбековичке берилген № 98 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүүгүү»саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эркебаев Нурбек Турдалиевич катталсын.
4. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүүгүү»саясий партиясынан катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 9-сентябры
№ 129