21.11.2021 №1262 №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө

№30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө

 

Жарандардын макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2021-жылдын 19-ноябрындагы (кириш №02-14/4490), 2021-жылдын 20-ноябрындагы (кириш №02-14/4522) №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин ишенимдүү адамдары болуп төмөндөгүлөр катталсын:

- Алдаянов Нурзамат Кочорович;

- Васильева Нина Николаевна;

- Бейшенбаева Азатгуль Омурбековна;

- Карабалаева Анаркуль Омурбековна.

2. Катталган ишенимдүү адамына белгиленген үлгүдөгү күбөлүгү берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 21-ноябры

№ 1262