09.09.2020 № 126 «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө

 

«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын61-беренесин,«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Турдукожоев Кубанычбек Асанбековичтин жана Кожобаев Руслан Курманбековичтин 2020-жылдын 7-сентябрындагыталапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын негизиндекириш №06/1853 жана №06/1854, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу тобунун чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызынын негизинде «Ыйман Нуру»Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын:

- ТурдукожоевКубанычбекАсанбекович;

- Кожобаев Руслан Курманбекович.

2. Бул чечимКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовгожүктөлсүн.

 

Төрага Н. Шайлдабекова

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 9-сентябры

№ 126