19.11.2021 №1241 №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мадылбеков Туратбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

№23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

Мадылбеков Туратбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

 

  • өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2021-жылдын 8-ноябрындагы (кириш №02-14/4417) №23 Москва шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мадылбеков Туратбектин сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №23 Москва шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мадылбеков Туратбектин ишенимдүү адамдары болуп төмөндөгүлөр катталсын:

- Шеренов Дуйшеналы Супканаевич;

- Бактыбек уулу Турсунбек;

- Аттокурова Салтанат Кылычбековна;

- Эртышбаев Төлөгөн Джолдошбекович.

2. Катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрү берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-ноябры

№ 1241