19.11.2021 №1235 №12 Өзгөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жумакадыр уулу Манасмиңдин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№12 Өзгөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Жумакадыр уулу Манасмиңдин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№12 Өзгөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жумакадыр уулу Манасмиңдин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө 2021-жылдын 18-ноябрында (кириш № 02-14/4441) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесинин 10-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №12 Өзгөн шайлоо округунан 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Жумакадыр уулу Манасмиңдин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы №520 чечими менен катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Айтбаев Миртемир Узакбаевичтин, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Айтбаев Чынтемир Дурусбековичтин каттоолору жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Айтбаев Миртемир Узакбаевичке берилген №360 финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Айтбаев Чынтемир Дурусбековичке берилген №361 каттоо ырастамалар анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 19-ноябры
№ 1235