18.11.2021 №1227 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Коомар Медиа» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Коомар Медиа» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, 2021-жылдын 29-августундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Коомар Медиа» коомдук фондунун 2021-жылдын 17-ноябрындагы (кир.№04-13/4369) билдирүүсүнүн негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Коомар Медиа» коомдук фондунан келип түшкөн билдирүү эске алынсын.

2. Бул чечим төмөн турган шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 18-ноябры

№1227