12.09.2023-ж. №214 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулгандыгы жѳнүндѳ К. Землянскийдин билдирүүсү тууралуу

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулгандыгы жѳнүндѳ К. Землянскийдин билдирүүсү тууралуу

2023-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара кѳрүүчү координациялык тобуна жаран К. Землянскийден билдирүү келип түшкѳн, ал билдирүүсүндө К. Шабданбек уулу шайлоо күнү үгүт материалдарды социалдык тармактагы инстаграмда жарыялангандыгын билдирген.

Бул маалымат Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) кароосуна берилген.

Кароонун ар тараптуу жана калыс болуусу максатында Жумушчу топтун жыйынына К. Шабданбек уулу чакырылган, ал жыйынга катыша албай тургандыгын, анткени Бишкек шаарынан тышкары жүргѳндүгүн билдирип,«shabdanbekov_k» аккаунтун чынында эле ал жүргүзѳрүн белгилеген.

Берилген маалымат боюнча Жумушчу топ, 2023-жылдын 10-сентябрында саат 12-00 до Шабданбек уулу Канат «Инстаграм» социалдык тармагындагы 1 миллион катталуучуну түзгөн «shabdanbekov_k» аккаунтунун сторисине жарыяланманы (видеону) жүктөгөнүн аныктаган.

Жүктөгөн видеоматериалга ылайык, К. Шабданбек уулу «Эл учун кызмат кылып келген Алмаз Аскар уулуна добушумду бергенге баратам» деген сѳздѳр менен талапкер А.Алмаз уулунун аккаунтун белгилеп, мында талапкер А. Алмаз уулунун шайлоо бюллетениндеги № 18 катар номери көрсөтүлгөн сүрѳттү тиркеп, андан ары «Инстаграм» социалдык түйүнүндѳгү талапкер А. Алмаз уулунун баракчасынан анын видеосу коюлган видону сториске жүктөгөн, ал жерде талапкер Бишкек шаарындагы Ленин районунун тургундарына кайрылган.

Келип түшкѳн материалдарды карап жана иликтеп чыгып, Жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт».

2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планынына (БШКнын 12.07.2023ж. №65 токтому менен бекитилген) ылайык шайлоо алдындагы үгүт иштери 2023-жылдын 9-сентябрында саат 8-00 до токтотулат.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт жана кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрөт».

Баяндалгандардын негизинде, К.Шабданбек уулу тарабынан конституциялык Мыйзамдын 23-беренесин бузуу фактысын эске алып, Жумушчу топ К. Шабданбек уулун шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодекси боюнча жоопкерчиликке тартууну сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 65-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, - жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет».

Келип түшкѳн арызды жана материалдарды карап чыгып, Жумушчу топтун чечимин эске алып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 65-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык Шабданбек уулу Канатты жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ маселени кароо үчүн материалдар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жѳнѳтүлсүн.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси
У. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                 Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 12-сентябры

№214