16.11.2021 №1203 №7 Ош шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Фаттахов Бахтияржан Азизовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

№7 Ош шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Фаттахов Бахтияржан Азизовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

№7 Ош шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Фаттахов Бахтияржан Азизовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2021-жылдын 16-ноябрында (кириш № 02-14/4345) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесинин 10-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. №7 Ош шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Фаттахов Бахтияржан Азизовичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде катталган талапкердин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-ноябрындагы №1079 чечими менен катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Сеитов Нурлан Мирбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сеитов Нурлан Мирбековичке берилген №549 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 16-ноябры

№ 1203