16.11.2021 №1200 №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Пасаңов Эржигит Жетимишовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Пасаңов Эржигит Жетимишовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2021-жылдын 16-ноябрында №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Пасаңов Эржигит Жетимишович мурда сунуш кылган финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары М.М Абдикаримовду дайындоо жөнүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-октябрындагы №344 чечими менен №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Пасаңов Эржигит Жетимишовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Закирова Айнура Исмаиловнанын каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Пасаңов Эржигит Жетимишовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Закирова Айнура Исмаиловнага берилген №138 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. №10 Куршаб шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Пасаңов Эржигит Жетимишовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абдикаримов Мирланбек Маматжанович катталсын.

4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 16-ноябры

№ 1200