16.11.2021 №1199 №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбековичтин
ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2021-жылдын 15-ноябрында №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбекович мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Ж.Т Музуратбековду дайындоо жөнүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-ноябрындагы №1084 чечими менен №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Буркутбаев Нурлан Абдымединовичтин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Буркутбаев Нурлан Абдымединовичке берилген №1 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. №20 Манас шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Музуратбеков Жылдызбек Таалайбекович катталсын.

4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 16-ноябры

№ 1199