15.11.2021 №1195 №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джээнбеков Жусупжан Амранжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

№13 Сузак шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

депутаттыгына талапкер Джээнбеков Жусупжан Амранжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

№13 Сузак шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джээнбеков Жусупжан Амранжановичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 13-ноябрындагы (кириш № 02-14/4265) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. №13 Сузак шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джээнбеков Жусупжан Амранжановичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алимбетов Жанурбек Зарипбекович катталсын.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-ноябры

№ 1195