15.11.2021 №1191 «Эл Үмүтү» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Магомедов Аслан Магомед-Алиевичти талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө

 

 

Магомедов Аслан Магомед-Алиевичтин 2021-жылдын 15-ноябрындагы (кириш № 02-14/4278) талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

        

1. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызынын негизинде «Эл Үмүтү» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Магомедов Аслан Магомед-Алиевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-ноябры

№ 1191