13.11.2021 №1168 №32 Кочкор шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мелисов Азамат Канатбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№32 Кочкор шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мелисов Азамат Канатбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө 2021-жылдын 12-ноябрында (кириш № 02-14/4243) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №32 Кочкор шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Мелисов Азамат Канатбековичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде катталган талапкердин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-октябрындагы №291 чечими менен Орозахунов Шухрат Орозахунович шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-октябрындагы №291 чечими менен Сапаралиева Кульбарчын Абдилхасимовна финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Орозахунов Шухрат Орозахуновичке берилген №73, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сапаралиева Кульбарчын Абдилхасимовнага берилген №74 каттоо ырастамалар анык эмес деп таанылсын.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 13-ноябры
№ 1168