10.11.2021 №1157 № 34 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубатбек Шамырбекович Мамыровго карата ЫЧКТнын маалыматы жөнүндө

№ 34 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубатбек Шамырбекович Мамыровго карата ЫЧКТнын маалыматы жөнүндө

 

2021-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (мындан ары - ЫЧКТ) маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматка караганда, Чүй облусун өнүктүрүү фондунун төрагасы, Кемин шаардык кеңешине «Эмгек» саясий партиясынан депутат, №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мамыров Кубаттын «Фейсбук» баракчасында 2021-жылдын 1-октябрында Карылар күнүндө Кемин РИИБнин башчысынын катышуусунда Мамыров К. Ш. «Кемин Ынтымагы» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен бирге «Күн шооласы» карылар үйүнө барып, азык-түлүк пакеттерин тапшырышкан.

Мындан тышкары, Шаршеналиева Гулзада аттуу колдонуучунун «Фейсбук» баракчасында шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары, атап айтканда, 44-берене «Шайлоонун үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузуу», ошондой эле КР Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү боюнча мамлекеттик мекеменин жетекчиси К. Мамыров тарабынан добуштарды сатып алуу аракети көрсөтүлгөн.

Сүрөттөрдө Мамыров К. Ш. кары-картаңдарга азык-түлүк пакеттерин тартуулап, алар менен активдүү сүрөткө түшүп, алардан ыраазычылык алып турганы көрүнуп турат.

Бул фактыларды тактоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К. Мамыровдун аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн 2021-жылдын 28-октябрында бул маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигине жана Чүй-Кемин №31 ОШКнын ЫЧКТсына жөнөтүлгөн. (чыг. №13 28.10.2021 – ж.).

Бул факты ошол эле күнү Кемин РИИБнин маалымат каттоочу журналына №02-006-2021-001757 менен катталган.

Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2021-жылдын 1-октябрында «Кемин Ынтымагы» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Кемин шаарынын тургундары «Күн шооласы» карылар үйүнө келип, 2 мүшөк ун (10 кг.), 5 литр өсүмдүк майы, 3 кг. эт, 1 кг. гречка, 1 кг. күрүч, 2 торт менен ал жердегилерди Карылар күнү менен куттуктап материалдык жардам беришкени аныкталган. Ошол эле учурда келген адамдардын бири да кайсы бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн үгүт иштерин жүргүзгөн эмес.

Суралган К. Мамыров 2021-жылдын 1-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттала элек кезде «Кемин Ынтымагы» коомунун өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча алар менен бирге «Күн нуру» карылар үйүнүн жайгашкан жерин (дарегин) көрсөтүү үчүн барган, ал жерде тамак-аш азыктары унаалардан түшүрүлгөн.

Мындан тышкары, ал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын бул иш-чарага катышуусун четке кагып, анын катышуусу тууралуу маалымат коомдук бирикменин мүчөсү, мурдагы милиция кызматкеринин өтүнүчү менен милициянын кадыр-баркын жогорулатуу максатында маалыматка жарыяланганын белгиледи. Бул жагдайлар карылар үйүнүн директору Т. Синюктун, ошондой эле «Кемин ынтымагы» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн түшүндүрмөлөрү менен тастыкталат.

2021-жылдын 30-октябрында Кемин РИИБи тарабынан бул фактынын негизинде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу номенклатуралык ишке чыгаруу чечими кабыл алынган (НД 006-2021-000197).

«Фейсбук» баракчаларында дагы эле активдүү болгон маалыматтардын (картаңдар тартылган сүрөттөр) мазмунуна талдоо жүргүзүп, Борбордук шайлоо комиссиясы бул маалыматтар маалыматтык таасирге ээ жана үгүт өнөктүгүнүн алкагында шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасирин тийгизе аларын жана бул талапкерди шайлоого салым кошорун белгилейт.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К. Мамыровдун жоопкерчилигин төмөнкү негиздер боюнча кароо зарыл деген тыянакка келет.

Ошентип, 2021-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган.

2021-жылдын 12-октябрында К. Мамыров Борбордук шайлоо комиссиясына №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети тууралуу жазуу жүзүндө (кир.01-14/ 2616) билдирет.

2021-жылдын 24-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын №871 чечими менен Мамыров Кубат Шамырбекович №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталган.

  • Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын (мындан ары- конституциялык Мыйзам) 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: «Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоонун мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда аяктайт», б.а. 2021-жылдын 29-октябрынан 27-ноябрына чейин.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: «Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок».

Жогорудагыларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К. Мамыровдун аракеттеринен шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин жана тартиби боюнча мыйзам бузууларды көрөт.

Ошентип, К. Мамыровдун аракеттеринде шайлоо дайындалгандан баштап кайрымдуулук иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүдө көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар байкалат.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүндө «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибин сактоону контролдойт жана мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт. Талапкер, саясий партия тарабынан Конституциялык мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу» экени айтылат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-28-43-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-4-8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубатбек Шамырбекович Мамыровго шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби бузулгандыгы жөнүндө жазуу түрүндөгү эскертүү берилсин.

2. Бул чечимде көрсөтүлгөн маалыматтарды алып салуу боюнча чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №31 Чүй-Кемин бир мандаттуу округунан талапкер К. Ш. Мамыровго милдеттендирилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун жетекчиси Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 10-ноябры

№1157