10.11.2021 №1150 №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дунканаев Айбек Медетбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

№25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

Дунканаев Айбек Медетбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

 

  • өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2021-жылдын 9-ноябрындагы (кириш №02-14/4123) №25 Аламүдүн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дунканаев Айбек Медетбековичтин сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, 60-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №25 Аламүдүн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дунканаев Айбек Медетбековичтин ишенимдүү адамдары болуп төмөндөгүлөр катталсын:

- Базарбаев Нурдин Шаршенбекович;

- Абдурасул уулу Саринжи;

- Мадинцеев Эдир Ильясович;

- Алымбеков Эламан Мусагазиевич.

2. Катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрү берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 10-ноябры

№ 1150