08.11.2021 №1129 №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
№25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин
ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2021-жылдын 3-ноябрында №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атамбаев Сеидбек Алмазбекович мурда сунуш кылган, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кат ары А.С Иманалиеваны дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10-октябрындагы №404 чечими менен №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Сатыгул кызы Надиранын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сатыгул кызы Надирага,4 берилген №531 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. №25 Аламүдүн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Иманалиева Айгээрим Сатыбалдиевна катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 8-ноябры
№1129