06.11.2021 №1121 «Аруузат-Эл Куту партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Н.Э.Уркунбаевди, Э.А.Жумаевди, А.К. Мураталиевди, А.С.Молдосановны талапкерлердин тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө
«Аруузат-Эл Куту партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Н.Э.Уркунбаевди, Э.А.Жумаевди, А.К. Мураталиевди, А.С.Молдосановны талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө
Уркунбаев Нургазы Эркинбековичтин 2021-жылдын 05-ноябрындагы кириш №02-14/4035, Жумаев Эсен Ариновичтин 2021-жылдын 05-ноябрындагы кириш №02-14/4033, Мураталиев Акылбек Кыдыровичтин 2021-жылдын 05-ноябрындагы кириш №02-14/4032, Молдосанова Алымжан Сулаймановнанын 2021-жылдын 05-ноябрындагы кириш №02-14/4034, талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде «Аруузат-Эл Куту партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Уркунбаев Нургазы Эркинбекович, Жумаев Эсен Аринович, Мураталиев Акылбек Кыдырович, Молдосанова Алымжан Сулаймановна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 6-ноябры
№1121