05.11.2021 №1113 №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2021-жылдын 3-ноябрында №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Малиев Арсланбек Касымакунович мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Т.Р Султанованы дайындоо жөнүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы №245 чечими менен №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Малиев Арсланбек Касымакуновичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Атакулова Гулжамал Эсеналиевнанын каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Малиев Арсланбек Касымакуновичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Атакулова Гулжамал Эсеналиевна берилген №1 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Малиев Арсланбек Касымакуновичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Султанова Таңсулуу Райымбековна катталсын.

4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 5-ноябры

№ 1113