11.06.2024 №205 Н.М. Турдалиевди жана Акылбек уулу С. №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Санжарбек Толонбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо жөнүндө

Н.М. Турдалиевди жана Акылбек уулу С. №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Санжарбек Толонбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо жөнүндө

 

5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Санжарбек Толонбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2024-жылдын 9-июнундагы (кириш № 12/1092) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Санжарбек Толонбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

– Турдалиев Нурбек Муктарович, шайлоо маселелери боюнча;

–  Акылбек уулу Санжарбек, финансы маселелери боюнча.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшеруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 11-июну

№ 205