01.02.2022 №110 №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Масалиев Исхак Абсаматовичтин арызы жөнүндө
2022-жылы 24-январда Масалиев Исхак Абсаматович өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына арыз берген.
2022-жылы 1-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн Масалиев Исхак Абсаматовичтен 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө буга чейин – 2022-жылы 24-январда берилген арызын (кир. №01-14/94) кароосуз калтуруу өтүнүчү менен арыз (кир. №01-14/139) түштү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-1-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн Масалиев Исхак Абсаматовичтин 2022-жылдын 1-февралындагы арызы (кир. №01-14/139) эске алынсын жана 2022-жылдын 24-январындагы арызы (кир. №01-14/94) кароосуз калтырылсын.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 1-февралы
№ 110