02.11.2021 №1078 №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тукунов Акжолтой Шакирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
№36 Ысык-Көл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тукунов Акжолтой Шакирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 1-ноябрындагы (кириш 01-14/3828) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №36 Ысык-Көл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тукунов Акжолтой Шакирбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жакыбалиева Аида Жамусаповна катталсын.
2. №36 Ысык-Көл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тукунов Акжолтой Шакирбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жабагиева Жаныш Максутовна катталсын.
3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 2-ноябры
№ 1078