01.11.2021 №1054 №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүндө

№26 Ленин шайлоо округу боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүндө

2021-жылдын 30-октябрында №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжанович мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча жана финасылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө жана финасылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Токон уулу Талантты дайындоо жөнүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-октябрындагы №394 чечими менен №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтин шайлоо боюнча Абдраев Нурлан Асилбековичтин, финансылык маселелери боюнча Абдалиева Салтанат Алиповнанын ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоолору жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтин шайлоо боюнча Абдраев Нурлан Асилбековичке берилген №199, финансылык маселелери боюнча Абдалиева Салтанат Алиповнага берилген №200, ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоо ырастамалары анык эмес деп таанылсын.

3. №26 Ленин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Токон уулу Талант катталсын.

4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-ноябры

№ 1054