01.11.2021 №1049 №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сулайманкулов Медеркул Ормоновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүндө
№18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сулайманкулов Медеркул Ормоновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүндө
2021-жылдын 30-октябрында №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сулайманкулов Медеркул Ормоновичтин мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча жана финасылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө жана финасылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Дуулатов Р.П дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы №532 чечими менен №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сулайманкулов Медеркул Ормоновичтин шайлоо боюнча Батыров Эркинбек Конушовичтин, финансылык маселелери боюнча Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоолору жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо боюнча Батыров Эркинбек Конушовичке берилген №383, финансылык маселелери боюнча Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевике берилген №384, ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоо ырастамалары анык эмес деп таанылсын.
3. №18 Ала-Бука шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сулайманкулов Медеркул Ормоновичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Дуулатов Равшанбек Пайзыкулович катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-ноябры
№ 1049