30.10.2021 №1045 №19 Токтогул шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алыбаев Айбек Ташибековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№19 Токтогул шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алыбаев Айбек Ташибековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө 2021-жылдын 30-октябрында (кириш № 01-12/3807) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №19 Токтогул шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Алыбаев Айбек Ташибековичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде катталган талапкердин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы №537 чечими менен Жакыпов Уланбек Тургуналиевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Жакыпов Уланбек Тургуналиевичке берилген №391 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 30-октябры
№ 1045