30.10.2021 №1043 №11 Алай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Галдыбаев Жаманкул Жолчуевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

 

№11 Алай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Галдыбаев Жаманкул Жолчуевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө 2021-жылдын 30-октябрында (кириш № 01-12/3802) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №11 Алай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Галдыбаев Жаманкул Жолчуевичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде катталган талапкердин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы №509 чечими менен Кошан уулу Акуналинин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы №509 чечими менен Азимов Бердали Ысманалиевичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кошан уулу Акуналиге берилген №342 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

5. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Азимов Бердали Ысманалиевичге берилген №343 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

6. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 30-октябры

№ 1043