30.10.2021 №1041 № 31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаев Канат Кедейканович шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№ 31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаев Канат Кедейкановичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө 2021-жылдын 30-октябрында (кириш №№ 01-12/3798) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. № 31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Исаев Канат Кедейкановичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде катталган талапкердин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-сентябрындагы №252 чечими менен Аблабеков Канатбек Мухамбетовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-сентябрындагы №252 чечими менен Исаев Султан Нуркалыевичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Аблабеков Канатбек Мухамбетовичке берилген №11 финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Исаев Султан Нуркалыевичке берилген №12 каттоо ырастамалар анык эмес деп таанылсын.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДА БЕКОВА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 30-октябры
№ 1041