29.10.2021 №1035 №17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Алмазбек Манасбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
№17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер Эргешов Алмазбек Манасбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 28-октябрындагы (кириш 01-14/3735) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Алмазбек Манасбековичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Керималиев Бекберди Абдырасулович катталсын.
2. №17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Алмазбек Манасбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Манасбеков Нурбек катталсын.
3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 29-октябры
№1035