02.09.2020 № 102 «Социал-Демократтар» саясий партиясынын  ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

«Социал-Демократтар» саясий партиясынын  ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

2020-жылдын 1-сентябрында «Социал-Демократтар» саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Ишкинина Салия Эсеновнаны дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 27-августундагы №105 чечими менен катталган «Социал-Демократтар» саясий партиясынан Алманбетов Алтынбек Маратовичти шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

 

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Социал-Демократтар» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Алманбетов Алтынбек Маратовичке берилген №105 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

 

3. «Социал-Демократтар» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Ишкинина Салия Эсеновна катталсын.

 

4. «Социал-Демократтар» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

 

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                                          Н.Шайлдабекова

Бишкек ш., 2020-жылдын 2-сентябры

№102