04.10.2017 №101 КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Төрөбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Конутаевдин шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө даттануусу тууралуу
2017-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Төрөбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Конутаевден арыз келип түштү.
Өз арызында А.Конутаев “2017-жылдын 23-сентябрында саат 17:22де Коомдук теле-радиоберүү корпорациясынын (КТРК) “Ала- Тоо 24” каналында “Төрөбаевдин үгүтөөчүлөрү шайлоочуларды сатып алууда” деп аталган чагымчыл видеосюжетти жана “kabarlar.kg” интернет-басылмасында
23-сентябрында саат 10:48де “Добуш сатып алуу аракети далилденген Төрөбаевге карата катуу чара көрүлүшү керек” деген аталыштагы жогорудагы видеосюжетти камтыган макала “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин талаптарын одоно түрдө бузуу менен чыгарылган деп эсептейт.
А.Конутаев видеосюжет жана макала Кыргыз Республикасынын кызмат ордуна талапкер Б.Төрөбаевдин абийирине, ар-намысына жана саясий аброюна шек келтирген, фактылар менен коштолуп, аны атайын уюштурулган чагымчыл аракет деп эсептейт.
“Видеосюжет өзү тастыктап тургандай, атайылап даярдалган жана анда тартылган адамдар “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясына жана талапкер Б.Төрөбаевге эч кандай тиешеси жоктугу ачыктан-ачык көрүнүп турат. Себеби, сюжеттеги “Камчыбек” аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) тарабынан катталган талапкердин ишенимдүү адамдарынын тизмесинде, ошондой эле, республика боюнча үгүт иштерин жүргүзүп жатышкан үгүттөөчүлөрдүн катарында жок.
Сюжетти башынан аягына чейин көрүп жана угуп көргөндө аныкталгандай, анда “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы же талапкер Б.Төрөбаев тууралуу эч кандай сөз болгон эмес жана биздин талапкерлерге добуш берип коюу тууралуу үгүттөө иш-аракети да болбогондугу даана байкалып турат”, - деп билдирет.
КТРКнын журналисттери жана “kabarlar.kg” интернет-басылманын кызматкерлери атайылап уюштурулган чагымчыл видеосюжетте жана макалада Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 140-беренесиндеги «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» кылмыш аракетинин белгилерин камтыган аракеттердин жасалып жаткандыгы тууралуу жалпы жумуртай-журтка жарыя кылып отурушат. Эгерде, видеосюжеттеги мыйзамсыз аракеттер далилденбей калган учурда, аны даярдаган жактардын аракеттери ошол эле Кылмыш-Жаза кодексинин 329-беренесинин “Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо” кылмыш аракетинин белгилерин камтып калышы толук мүмкүн деп көрсөтүлгөн.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынын журналисттери жана “kabarlar.kg” интернет-басылманын кызматкерлери тарабынан берилген жалган маалыматтарга карата телеканалды милдеттендирүүнү, ошондой эле мыйзамсыз аракеттери үчүн алардын аккредитацияларын чакырып алууну суранат.
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалыматтар менен камсыз кылуу маселелери боюнча Жумушчу топ жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топко түшкөн арызды 27-сентябрда КТРКнын өкүлү - Максат Төлөнөвдүн жана “kabarlar.kg” интернет-басылманын өкүлү – Калиман Бейшееванын катышуусу менен карап чыкты.
КТРКнын өкүлү М.Төлөнөвдүн айтымында, бул маалымат “Жаңылыктардан” 23-сентябрда кечки саат 17:22де берилген. Аталган видеосюжетти көрсөтөөр алдында алып баруучу “интернет-булактарга тараган маалыматтарга ылайык” деп шилтеме жасаган. Ал эми, буга чейин ушул эле видео “kabarlar.kg”интернет-басылмасында эртең мененки саат 10:48де жайгаштырылып, андан соң КТРКнын эфирине чыккандыгын билдирди. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтында, бул тасма интернет-басылмаларда пайда болгон соң текшерүү иштерин жүргүзүп, 2017-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун жараны “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын штабынын “Камчыбек” аттуу өкүлүнө карата чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча
2017-жылдын 25-сентябрында Свердлов райондук сотуна кылмыш-процессуалдык мыйзамдын чегинде чечим кабыл алууга жиберилген – деп маалымат берди.
Жогорудагы ылайык, тасмадагы фактылар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан далилденген жана жалган эмес маалымат катары интернет-басылмасына чыккан.
“Kabarlar.kg” интернет-басылманын өкүлү К.Бейшеева коюлган доого, бул видео тасма бизден башка бир топ интернет-ресурстарга чыккан. Алардын аудиториясы биздин аудиториябызга караганда бир топ кеңири. “Kabarlar.kg” интернет-басылмасы ошол эле видеону алып, добуш сатып алуу өтө чоң кылмыш экенин эске салуу максатында жарыялаганын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Төрөбаевдин өкүлү А.Конутаев шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысын жокко чыгаруучу документтерди жана далилдерди көрсөтө албады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүнө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43- беренесине жана «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан карап чыгуу тартиби жөнүндө» Жобонун 1.6-пунктуна ылайык: мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28, 43-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 152 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө” Жобону (2017-жылдын 4-октябрындагы №494-токтомдун редакциясында),
«Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүдө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучулардын маалыматтар менен камсыз кылуу маселелери боюнча Жумушчу тобунун жана Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 4-октябырындагы биргелешкен чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Төрөбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Конутаевдин Коомдук теле-радиоберүү корпорациясына жана “kabarlar.kg» интернет-басылмасына арызы – жарым-жартылай канааттандырылсын.
2.“Kabarlar.kg” интернет-басылмасына эскертүү берилсин.
3.КТРКнын “Алат-Тоо 24” каналынын аккредитациясын чакыртып алуу боюнча өтүнүчү – четке кагылсын.
4.Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалыматтар менен камсыз кылуу маселелери боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек шаары, 2017-жылдын 4 -октябры
№ 101
Бишкек шаары, 2017-жылдын 4 -октябры
№ 101