04.07.2024 №243 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык каты менен сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-февралындагы №31 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, 2024-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Сыйлоо комиссиясынын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык каты менен төмөнкүлөр сыйлансын:
1) 2024-жылдын 30-июнунда болуп ѳткѳн № 5 Ноокат, № 29 Свердлов жана
№ 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө көрсөткөн аң-сезимдүү жана үзүрлүү эмгеги, жоопкерчиликтүү мамилелери менен өз милдеттерин сапаттуу аткаргандыгы, ошондой эле шайлоо системасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн комиссияларынын мүчөлөрү, коргоо органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, мамлекеттик органдардын кызматкерлери 1 тиркемеге ылайык;
2) активдүү катышкандыгы, жигердүү ишмердүүлүгү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Жергиликтүү кеңештердин айым-депутаттары иш үстүндө-2024» конкурстун жеңичүүлөрү 2 тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү жана адам ресурстарын башкаруу сектору ушул чечимден келип чыккан зарыл чараларды ишке ашырсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2024 жылдын 4 июлундагы
№ 243